Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин штандарты

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты Кыргыз Республикасындагы Президенттик бийликтин айырма белгиси жана символу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкенде тапшырылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын түп нускасынын турган жери Кыргыз Республикасынын борбор шаары - Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинет болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын дубликаты республиканын борбор шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президенти аларда болгон убакта башка резиденциялардын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин транспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен катар орнотулат;

Мамлекет башчысынын катышуусу менен болгон салтанаттуу жана башка аземдерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен катар орнотулушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын БАЯНДАМАСЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты (желеги) кеңдиги 50 мм алтын тасма жана алтын чачыктар менен жээктелген кызыл түстөгү (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин түсүндөгү) кездеме болуп саналат. Кездеменин кеңдиги анын узундугунун бештен үчүн түзөт.

Геометриялык борборунда алтын тегерек орун алып, анын диаметри желектин кеңдигинин бештен үчүн түзөт.

Алтын тегеректин борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин стилдештирилген сүрөттөлүшү жайгаштырылат: алтын түстөгү айлананын борборунда жайгаштырылган канаттары жайылган ак шумкар жана арткы планда жайгаштырылган көл, Ала-Тоонун кыркалары жана алтын сымал түстөгү шоолалары бар чыгып келе жаткан күн.

Айлананы тегерете алтын менен: "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген жазуу жайгаштырылат. Жазуунун тамгаларынын өлчөмү алтын тегеректин диаметринин жетиден бирин түзөт.

Штандарттын сабына мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты менен анын шайлануу мөөнөтүн көрсөткөн дата чегип түшүрүлгөн күмүш тээк бекитилет.

Штандарттын сабы найзанын учу түрүндөгү алтын түпөк менен бүтөт.