Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кеңешинин жыйынында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселеси каралып жатат

Бүгүн, 2014-жылдын 3-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кенешинин кезектеги  жыйынында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселеси каралып жатат.

Мамлекет башчысы кириш сөзүндө бүгүн карап жаткан маселе мамлекеттин келечеги үчүн, элибиздин келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

“70 жыл сүргөн атеизм доорунан кийин өлкөбүздө диний эркиндик үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Тескерисинче, эркиндик деп коюп бийлик башчылары диний чөйрөсүн таптакыр эле карабай койгон. Анткени, өздөрү динден алыс болуп, түшүнчү да эмес, жолочу да эмес. Мунун терс таасири азыркы күндө даана көрүнүп турат. Өзгөчө мусулмандар чөйрөсүндө, өзгөчө кыргыздар арасында”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы айрым мусулман сөрөйлөр ислам дини менен араб, Бангладеш, Пакистан элдеринин маданиятын чаташтырып, элибиздин маданиятын, жада калса улуттук кийимин чанып, байыркы кыргыз элибизге өзгөй келген үрп-адат, жарашпаган жүрүш-турушту, өөн келген кийимди таңуулап жаткандыгын белгиледи. “Көчөлөрдө сакалдарын сербейтип, дамбалчан жүргөндөр толуп кетти. Эзелтен татынакай ачык түстүү кыргыз кийимдердин ордуна кыз-келиндерибизге салт боюнча жесирлер гана кийген кара кийим таңууланып жатат. Албетте, биз мусулманбыз, бул бабаларыбыздын дини, мурасы, бирок, биз ошол эле учурда кыргызбыз! Ошону унутпасак!”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен бирге ыйык ислам динин жамынып алып, кыргыздарды ата-бабаларын, адат-салтын, жада калса кийимин унуттуруп, маңкурт кылам дегендер күндөн-күнгө көбөйүп жаткандыгы айтылды. “Биз буга жол берсек - өлкөбүздү жоготобуз, кыргыз элин жоготобуз! Анткени, тилин, дилин унуткан эл - эл эмес!”, - деди Президент.

Анадан тышкары Конституция боюнча дин мамлекеттен ажыратылгандыгы белгиленди. Диний бирикмелер жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Бирок, мамлекет жана бийлик өкүлдөрү дин чөйрөсүнө, дин органдарынын ишине кийлигишүүгө толук бойдон укуктуу.

“Айрым мусулман өлкөлөрүн карасак, ал жерде саясатчылар динди өз максатында пайдаланып, саясий курал кылып алышкан. Динчилер саясатка киришкенде мамлекет эмне болорун Афганистан, Ирак, Египет, Сирияга окшогон өлкөлөрдөн так көрсөк болот. Бул өлкөлөрдө эл экиге бөлүнүп, жарандык согуш жүрүп жатат. Кыргызстанда да айрым саясатчылар кээ бир дин кызматкерлери менен бирге динди саясатка аралаштырууга аракет кыла баштады. Бул өтө терс көрүнүш. Бул саясий оюндарга бөгөт коюш керек. “Оюндан от чыгат” деп элибиз бекеринен айтпайт”, - деди Мамлекет башчысы.

Президент  Кыргызстан дин башкармалыгынын ишмердигин сынга алды. Тактап айтканда, муфтиятыбыз акыркы жылдары финансылык чатактардан арылбай жаткандыгына токтолду. Ыйык ислам динибиздин, бабаларыбыздан калган ханафи мазхабынын руханий жана билим борборунун ордуна муфтият жалаң гана акча менен алек болгон коммерциялык борборго айланып бараткандай сезилет.

“Диний чөйрөдөгу процесстерди, өзгөчө мусулмандар арасында болуп жаткан процесстерди мамлекет көзөмөлгө алып, туура багытка салбаса, анда бөтөн күчтөр бул процесстерди башкарып, элибиздин биримдигине, мекенибиздин келечегине балта чапканы турат. Ошондуктан биз бүгүн элибиздин биримдигин, кайталангыс руханий баалуулуктарын, улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап калуу үчүн керектүү чечимдерди кабыл алууга милдеттүүбүз! Конституцияда “Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо максатында мамлекет бардык тиешелүү чараларды колдонууга милдеттүү” деп так жазылып турат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын өз ара аракеттенишүүсүнүн кайталангыс моделин табууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экендигин белгиледи. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектебей туруп, алардын коопсуздугун камсыз кылып, диний негизде конфликттерге жол бербейбиз. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясына ылайык жакынкы аралыкта диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы Концепциясын иштеп чыгып, бекитүүгө милдеттүүбүз.“Бул иште жарандар, жарандык коомдун уюмдары, биринчи кезекте диний уюмдар активдүү катышат деп ойлойм. Бул жалпыбыздын ишибиз, биргелешип гана алдыга коюлган милдеттерди чече алабыз”, - деди сөзүнүн соңунда Алмазбек Атамбаев.

2014-жыл 3-февраль