Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Беларусь Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровду өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Беларусь менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады. 

«Достуктун жана сый-урматтын салттарына таянуу менен акыркы он жылдыкта биздин мамлекеттер татыктуу биргелешкен жолду басып өтүштү. 

Минск менен Бишкектин өз ара аракеттенүүсү терең жана ар тараптуу мүнөзгө ээ болду. Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык активдүү өнүгүп жатат, интеграциялык бирикмелердин алкагында конструктивдүү диалог түзүлдү.

 Биргелешкен күч-аракеттер менен биздин өнөктөштүгүбүздүн бекем пайдубалы эки өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгында мындан ары да чыңдалат деген ишенимди билдирем», — деп айтылат куттуктоодо.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана Ата Мекендин жыргалчылыгы үчүн маанилүү ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2023-жыл 21-январь