Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров: Жандуу жаратылышыбыз бизге ата-бабалардан калган кунсуз мурас, таберик экенин эгерим унутпашыбыз керек

“Жандуу жаратылышыбыз бизге ата-бабалардан калган кунсуз мурас, таберик экенин эгерим унутпашыбыз керек”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн Биринчи Элдик Курултайында сүйлөгөн сөзүндө.

“Учурда дүйнө жүзүндө экологиялык коопсуздукка катуу басым жасап, экология жаатындагы көйгөйлөргө коңгуроо туш-тараптан кагылып келет. Дүйнө жүзүнүн бир бөлүгү болгон Кыргызстанда дагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири – экологиялык коопсуздук. Жети дубан жергебиздин кайсы гана жерин албайлы, ажайып кооз жаратылышка ээ экенин биз эле эмес, өлкөбүзгө келген туристтер да тастыктап келишүүдө. Кыргызстан эли – эзелтен эле табият менен камыр-жумур жашап, ар бир ташынан тарта токой-черине чейин аяр мамиле жасап келген өзгөчө калкпыз. Мындай улуттук өзгөчөлүк бизге атадан балага, муундан муунга салт, нарк, мурас катары калган.

Бүгүнкү жандуу жаратылышыбыз дагы бизге ата-бабалардан калган кунсуз мурас, таберик экенин эгерим унутпашыбыз керек”, - деди Мамлекет башчысы. Ал табиятка аяр мамиле кылуу максатында Кыргызстан БУУга бир топ сунуштар менен чыгып, 2022-жылды “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” – деп жарыялап, анын алкагында “Жашыл мурас” өңдүү жаратылышты коргоо жаатында бир топ иш-аракеттер жасалганын белгиледи.

“Дүйнөдөгү прогрессивдүү адамзат кайрадан табиятка болгон мамилесин кескин өзгөртүү аракетин көрүүдө. Бүгүн дүйнөдө эң кымбат азык-түлүк – бул эч бир химиялык жер семирткич кошулбай өстүрүлгөн табигий таза жол менен алынган органикалык азык-түлүк. Эң кымбат туристтик багыттар – али адам колу тийбеген табигый жаратылышын сактап калган аймактар. Кыргызстан – бул жагынан сыймыктануу менен кеңири иштерди алып барууга мүмкүнчүлүктөрү бар өлкө.

Ошондой эле дүйнөдө жыл өткөн сайын суу маселеси проблемага айланууда. Кыргызстан – Борбор Азиядагы суу ресурстарын сактоочу мөңгүлөрдүн өлкөсү. Мөңгүлөрдүн азайышы бүгүнкү күндө дүйнөлүк адамзатты тынчсыздандырууда. Мөңгүлөрдү сактоо жана коргоо багытында БУУнун кийлигишүүсү аркылуу дүйнөлүк фонддордун катышуусунда көп жылдык программаларды түзүү аракетин көрүүдөбүз. Жакынкы аралыкта илимий жактан терең изилденген экологиялык кеңири программаны иштеп чыгуунун үстүндө иш жүрүүдө”, - деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

2022-жыл 25-ноябрь