Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров: Алдыбызда кыргыз жарандары кыргыз тилинде эркин сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай кылып, чыныгы мамлекеттик тилге айлантуу милдети турат

«Алдыбызда кыргыз жарандары кыргыз тилинде эркин сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай кылып, чыныгы мамлекеттик тилге айлантуу милдети турат», — деп белгиледи Кыргыз Респукбликасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө, улуттун улут болуп сакталып калышына эне тилдин орду өзгөчө экенин белгиледи. Бирок анын маанилүүлүгү сүйлөнгөн сөздөр менен жасалган баяндамаларда, талкууларда эле айтылып кагазда калып, иш жүзүндө ага тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келе жаткандыгы да ачуу чындык.

«Биз бул багытта сөз кылып, ооз учу менен эле айтканыбыз менен аларды кеңири жайылтуу иштеринде чечилбеген маселелер абдан көп.

Эне тилибиз өз ордун табышы үчүн мамлекеттик тил саясатын жүргүзгөн Мамлекеттик тил комиссиясынын ыйгарым укуктарын кеңейтип, мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында „Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия“ деп кайра атоо боюнча Жарлык кабыл алдык.

Алдыбызда кыргыз жарандары кыргыз тилинде эркин сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай кылып, чыныгы мамлекеттик тилге айлантуу милдети турат! Бул үчүн кандайдыр бир деӊгээлде ички зарылдыктын болушу шарт, ансыз тилибиз өз макамына толук ээ боло албайт.
Мамлекетибизде жашаган башка этникалык улуттардан турган жарандарыбыздын мамлекеттик тилди өз каалоолору менен өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү да — орчундуу маселе.

Бүгүн сиздер менен ушул маселени сөз кылууну да унутпайлы», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

2022-жыл 25-ноябрь