Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Стамбул шаарындагы терактка байланыштуу Түркия Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Стамбул шаарындагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.

"Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклял көчөсүндөгү жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасы бул террордук актыны кескин түрдө айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт.
Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.
Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм",- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2022-жыл 14-ноябрь