Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын толук калыбына келтирүү, ошондой эле
2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан, аталган калктуу конуштардын жашоочуларынын жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон жана бирдей шарттарды түзүү максатында, Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режиминин иштешин эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
– Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын деталдуу пландоо долбоорлору менен биргелешкен башкы пландарды иштеп чыксын;
– калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн
M 1: 5000 жана M 1: 2000 масштабындагы топографиялык пландарды камсыз кылсын;
– Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарында жайгашкан жеке турак жай үйлөрүн Баткен облусунун Баткен райондук Жарандык коргонуунун өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиясы тарабынан аныкталган бузулуулардын бар же жок экендигине карабастан, кийин жаңы турак үйлөрдү куруу менен бузсун;
– тез арада калыбына келтирүүнү талап кылган форс-мажордук кырдаалдардын кесепеттерин локалдаштыруу шартында курулуш иштерин жүргүзсүн жана курулуш иштерин өз убагында аяктоону камсыз кылсын.
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн башкы пландарды жана калктуу конуштарды деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү заказчы катары чыгары;
– Баткен облусунун калктуу конуштарында жайгашкан жаңы тургузулган жеке турак үйлөрдүн укук ырастоочу жана укук белгилөөчү документтери бир убакта курулуш иштерин аяктоо менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан менчик ээлерине акысыз берилери.