Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлү Улзийсурен Жамсран кызматташуу маселелерин талкуулашты

Бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсрандын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Асел Чынбаева аялдардын жана балдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү, балдарды тарбиялоо жана аларга кам көрүү боюнча ата-энелердин билимин жогорулатуу, балдарга байланышкан көйгөйлүү маселелердин алдын алууда өлкөдөгү мугалимдердин ролу, ошондой эле өсүп келе жаткан муунду тарбиялоонун мааниси сыяктуу орчундуу темаларды көтөрдү.

Өз кезегинде Улзийсурен Жамсран балдарды, айрыкча кыздарды өнүктүрүүгө багытталган алгылыктуу демилгелерди алдыга жылдыруу боюнча бир катар маанилүү багыттарды билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы иш-чаралардын планын талкуулашты.

2022-жыл 12-май