Иорданиянын Королу Абдулла II Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.
«Эйд Аль-Фитр (Орозо-Айт) майрамына байланыштуу Иордания Хашимат Королдугунун эли жана Өкмөтү мага кошулуп, чын жүрөктөн чыккан каалоолорду жолдойт. Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.