Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө   Жарлыктарга кол койду.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1654 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 1406 — чоң адамдар жана 248 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

1 Жарлыгы 1170 адамды (анын ичинен 934 — чоң адамдар жана 236 — балдар)  Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

2018-жыл 30-июль