Урматтуу сайттын колдонуучулары!
Интернет-кайрылууңуздарды Кыргыз Республикасынын Президентинин атына, Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясына электрондук почта менен жиберсеңиздер болот.
Электрондук кабылдама аркылуу кайрылуу жөнөтөөрдүн астында төмөндөкү маалыматтар жана талаптар менен таанышып алууңуздар абзел.
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайты аркалуу жиберилген кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнө келип түшөт.
2. Электрондук кабылдамага жарандардан келип түшкөн интернет-кайрылуулар төмөнкүдөй маалыматтары камтууга тийиш:
— Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясына даректелген кайрылууда жетекчинин же кызматкеринин аты-жөнү, кызматы, бөлүмдүн аталышы;
— кайрылган адамдын аты-жөнү;
— кайрылган адамдын жашаган жеринин почта дареги;
— кайрылуунун тексти;
— кайрылган адамдын электрондук дареги (e-mail);
— кайрылган адамдын байланышуу телефону (бар болсо);
— кайрылган күнү.
3. Жарандардын аты-жөнү жана жооп жазуу үчүн почта дареги көрсөтүлбөгөн Интернет-кайрылуулары тоголок кат (анонимдүү) деп табылат жана каралбайт, ошондой эле төмөнкүдөй интернет-кайрылуулар кароого кабыл алынбайт:
— эгерде, мурда «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте толук жооптор берилген кайрылуулар боюнча кайталанган кайрылууда жаӊы жүйө-далилдер же жагдайлар келтирилбесе;
— интернет-каттын көчүрмөсү корреспонденция почтасы аркылуу келип түшкөн учурда;
— маданиятсыздыкты көрсөткөн жана ар-намыска шек келтирген сөздөр камтылган, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга жана улуттар арасында чыр-чатак чыгарууга чакырган интернет-кайрылуулар;
— окууга мүмкүн болбогон Интернет-кайрылуулар;
— текст латын жана чоң тамгалар менен терилсе, сүйлөмдөргө бөлүнбөсө;
— кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентине жана Президенттик Администрациясына тикелей даректелбесе.
4. Сот чечимдерине даттануулар боюнча кайрылуулар болгондо төмөндөгүлөр эске алынууга тийиш:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат;
— Судьялар көз карандысыз жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийет;
— Конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок;
— Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат.
5. Электрондук кабылдаманын сервердик жабдуу жана программалык-техникалык камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен интернет-кайрылуунун өлчөмү тексттин символдорунун саны аркылуу 4000ге чейинки көлөмдө чектелет.
Кайрылуунун тексти кыскача баяндалууга тийиш. Суроо, сунуш, өтүнүч так баяндалышы абзел.
Интернет-кайрылууда ошондой эле автор мурда кайсы инстанцияларга кайрылганы, ошол кайрылуунун жыйынтыгын көрсөтүшү ылайыктуу.
6. Интернет-кайрылуу кабыл алынгандан кийин эки жумуш күнүндө каттоодон өтөт жана авторго ал көрсөткөн электрондук дарек боюнча кайрылуу кароого келип түшкөнүн же аны кароодон баш тартылганы жөнүндө (баш тартуунун себеби негизделүү менен) электрондук билдирүү жөнөтүлөт. Билдирүүдө кайрылуу келип түшкөн күндү, убакытты, ага ыйгарылган кириш номерин жана тиешелүү сурап-билүү телефонун көрсөтүлөт. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн бул ишке бекитилген жоопту кызматкери тарабынан белгиленген тартипте жазуу жүзүндө кайрылуудай иш жүргүзүлөт.
Кайрылууну жөнөкөй почта кызматы менен жөнөтүүчү дарек:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
Абдумомунов көч, 207.
720003, Бишкек шаары, Кыргызстан.
Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасы :
Абдымомунов көч, 207.
720003, Бишкек шаары, Кыргызстан.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын имаратынын күн батыш тарабы.
Телефон: +996 312 62 50 20 (бул телефон аркалуу ар кандай уюмдардын, ишканалардын, мамлекеттик органдардын жайгашкан орду, телефону ж. б. ушу сыяктуу маалыматтар берилбейт)
Жарандарды кабыл алуу ишемби, жекшемби жана майрам күндөрүнөн тышкары саат 10.00дөн 16.00гө чейин жүргүзүлөт. Танапис: 12.30 — 13.30
Ишеним телефону: + 996 312 62 53 85
Чоң рахмат!
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары: