Жаңылыктар
7 – март 2008 жылПрезидент К. Бакиевдин тапшырмасы менен 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш чаралар республиканын бардык областарында өткөрүлөт
Бүгүн Бишкекте аялдардын эл аралык күнү - 8-мартка карата салтанаттуу иш чара өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И. Чудинов, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Д. Үсөнов, вице-мэр Ү. Тыналиева, республикалык министрликтердин жана ведомстволордун, шаардык кызматтардын жетекчилери катышат. Бул иш чараны өткөрүүгө тиешелүү каражат бөлүнгөн.
Президент К. Бакиевдин тапшырмасы менен ушундай салтанаттуу иш чаралар республиканын бардык областарында өткөрүлөт.
Атап айтканда, Ош областында республика жетекчилигинин атынан аялдарды КРнын биринчи вице-премьер министри И. Айдаралиев, Жалалабат областында – КРнын коопсуздук Кеңешинин катчысы Т. Мамытов, Ысык-Көл областында – КРнын маданият жана маалымат министри С. Раев, Нарын областында – КРнын вице-министри Нур уулу Досбол, Баткен областында - КРнын тарнспорт жана коммуникация министри Н. Сулайманов, Талас областында – Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басары З. Бекбоев, Чүй областында – Президенттин Администрациясынын жетекчиси М. Садыркулов куттуктайт.

