Улуттук кеңештин маалыматы

Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин 2014-жылдын 27-октябрындагы № 3 чечиминин тексти >>>.

Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин 2014-жылдын 27-октябрындагы № 4 чечиминин тексти >>>.


Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы БУУ тутумунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторуАлександр Аванесcов менен жолугушту.

Нурсулу Ахметова БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы башчысы Александр Аванесcовго Улуттук кеңештин катчылыгына көрсөтүлүп жаткан эксперттик колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун жүрүшү боюнча маалымат берди. Улуттук кеңештин катчысы Улуттук стратегияда белгиленген бардык иш чаралардын башында туруктуу өнүктүрүү принциби тургандыгын, анда экономикалык өнүгүү кыйла маанилүү роль ойноорун өзгөчө белгиледи.

Улуттук стратегияны жүзөгө ашыруунун жүрүшүн талкуулоонун алкактарында өлкө Президенти Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында ири улуттук долбоорлор ишке ашырыла баштагандыгы белгиленди. Атап айтканда, сөз Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталгандыгы жөнүндө болду. Тараптар ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу бүтүндөй региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мультипликативдик майнап берерин баса белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле туруктуу өнүктүрүүдөн алып караганда мамлекеттик башкаруунун потенциалын күчөтүү жана реформалоо маселеси талкууланды. Жогорку окуу жайларынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын тутумдуу мамилени иштеп чыгуудагы жана мамлекеттик аппараттын потенциалын жогорулатуудагы ролу белгиленди.

Донорлордун жыл сайын өткөрүлчү конференциясынын алдында тараптар өлкөдөгү донордук уюмдардын иштерин координациялоо, ошондой эле Улуттук стратегияны жүзөгө ашырууда алардын катышуу маселесин козгошту.

Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова жана БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторуАлександр Аванесcов жүргүзүлүп жаткан иштерге жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн алкактарында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн позитивдүү динамикасына канааттангандыктарын билдиришти жана кыска мөөнөткө жана узак мөөнөттүү мезгилге өз ара кызматташуунун алкактарын белгилешти.


Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Джанбулат Байжуманов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова жана Улуттук кеңештин катчылыгынын эксперттери Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Джанбулат Байжуманов менен жолугушту.

Жолугушууда Улуттук стратегияны жүзөгө ашыруунун жүрүшүн анда аныкталган максаттар менен милдеттерге ылайык үзгүлтүксүз маалыматтык камсыздоо маселелери талкууланды. Эксперттер өлкөнүн туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн мүнөздөөчү Улуттук стратегияны мониторингдөө индикаторлорунун өркүндөтүлгөн интеграцияланган тутумун иштеп чыгуу боюнча пикирлери жана сунуштары менен ой бөлүшүштү.

 

Басып чыгаруу