Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жарлыктардын долбоорлору

Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү, коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын кесипкөй аткарууга багытталган компетенттүү адистерди мамлекеттик кызматка жана муниципалдык кызматка тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Улуттук кадрлар резервин, мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервдерин түзүү жана иштөө жөнүндө» Жарлагынын долбоору менен бекитүү сунушталат:

— Кыргыз Республикасынын Улуттук кадрлар резервин түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жобо;

— Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жобо.

Бул жарлыктын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентине киргизилет деп пландалууда.

Мыйзам чыгаруу жол-жоболорунун алкагында жогоруда аталган Жарлыктын долбоору коомдук талкууга чыгарылат.

Жогоруда белигиленген Жарлыктын долбооруна сунуш жана пикирлерди Чүй проспекти 122 дарегине, т. (031-26) 6-03-40, 624225 же төмөнкү электрондук дарегине eshenkulova07@gmail.com жөнөтө аласыздар.