Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн 2021-жылдын 8-февралынан 13-февралына чейин негизги аткарылган иштери жөнүндө маалымат

- Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы даярдалып чыгарылды.

- Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун президентикке талапкер катары Кыргызстандын аймактарына болгон иш-сапарынын негизинде 197 пункттан турган иш-чаралардын планы даярдалып, бекитилди жана аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аткаруу үчүн сунуш берилди.

- Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы даярдалып чыгарылды.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы жумалык иш-чаралардын планы чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө тиешелүү иш алып баруу үчүн таратылып берилди.

- Бөлүмгө жарандар тарабынан келип түшкөн 12 арыз жана кайрылуулар менен тийиштүү иштер алып барылды.

2021-жыл 13-февраль