Президенттин Жогорку Кеңештеги Ыйгарым укуктуу өкүлү


КР Президентинин КР Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Президентинин таламдарын көздөйт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш) анын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Президенттин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Президентинин атайын уруксатысыз эле катышат.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдеттери болуп Президент менен Жогорку Кеңешинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу саналат.

Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүл Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Президенттин Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн функциялары

Ыйгарым укуктуу өкүл төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

1) белгиленген тартипте Жогорку Кеңешинин жыйналыштарына, анын ичинде жабык жыйналыштарга, анын комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын, депутаттык фракциялардын ишине катышат;

2) Президентинин ыйгарым укуктарына тиешелүү мыйзам долбоорлору боюнча Президенттин позициясын билдирет;

3) Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга карата Президентинин каршы пикирлерин Президенттин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарына сунуш кылат;

4) Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун кабыл алууда Президенттин позициясын билдирет;

5) Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу ишинин абалы жана анда каралып жаткан маселелер жөнүндө Президентине туруктуу, ал эми зарыл болгон учурда дароо маалымдайт;

6) шайлоо, бошотуу, макулдук берүү үчүн Президент киргизген талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуш кылат;

7) айрым жерлерге өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө; Кыргыз Республикасына баскынчылык кылуу же түздөн-түз кол салуу коркунучу пайда болгон учурда согуш абалын жарыялоо, аскердик абалды киргизүү жөнүндө Президенттин жарлыктарын Президенттин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылат;

8) Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө Президенттин сунуштарын, ошондой эле анда карала турган маселелер боюнча сунуштарды киргизет;

9) зарыл болгон учурда Жогорку Кеңештин, комитеттердин жана фракциялардын жетекчилери менен консультацияларды жүргүзөт;

10) Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибине сунуштарды иштеп чыгууга катышат;

11) Жогорку Кеңеште кароо үчүн Президент тарабынан киргизилген докладдарды жана башка материалдарды даярдоого катышат;

12) комитеттердин, убактылуу комиссиялардын, депутаттык фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жетекчилери менен Президенттин өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого, жолугушууларын уюштурууга көмөк көрсөтөт;

13) Президент менен Жогорку Кеңештин өз ара мамилесине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна талдоо жасайт, зарыл болгон учурда тийиштүү сунуштарды киргизет;

14) Президенттин Жогорку Кеңештеги таламдарын билдирүүгө байланышкан башка функцияларды аткарат.

КР Президентинин КР Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө Жободон


АБДЫЛДАЕВ Молдакун

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү

1960-жылдын 22-августунда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек жолу:

1982 - 1983 Ат-Башы районунун XXV-партсъезди атындагы совхозунун ага врачы

1983 - 1984 Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын биохимия жана физиология институтунун улук лаборанты

1984 - 1987 Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын аспиранты

1987 - 1990 Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын биохимия жана физиология институтунун кенже илимий кызматкери, илимий кызматкери

1990 - 1993 Кыргыз илимий-изилде ветеринардык институтунун улук илимий кызматкери

13.05.1993 - 1995 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринария департаментинин Республикалык эпизоотияга каршы отрядынын начальнигинин орун басары – бөлүм башчысы

1995 - 2000 Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Чек ара аскерлер тобунун чек ара отрядынын начальнигинин орун басары, кызматтын начальниги

2000 - 2000 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын бажы чек арасын коргоо бөлүмүнүн начальниги

2001 - 2004 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын укук коргоо органдары жана коргоо секторунун башчысы

10.02.2004 - 31.03.2006 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн инспектору, мамлекеттик  инспектору

14.08.2007 - 03.2008 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандардын жана коомдук уюмдардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн мониторинг жана адам укуктарын коргоо секторунун башчысы

03.2008 - 2010 Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратынын Жетекчиси

30.12.2010 - 07.12.2011 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы

08.12.2011 - 23.01.2014 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүм башчысы

23.01.2014 - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү

Басып чыгаруу