Президенттин кеңешчиси

Султанов Калыкбек Иманалиевич 

1956-жылдын 23-сентябрында Нарын облусунун Кочкор районунуда төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. «Инженер-экономист» адистиги боюнча Фрунзе политехникалык  институтун аяктаган.

1981-1982-ж.ж. - Кыргыз ССРнин курулуш министрлигинин «Стройиндустрия» ЖБИ-2 заводунун мастери;

1982-1986-ж.ж. - Кыргыз ССР курулуш министрлигинин «Чуйпромстрой»  трестиндеги ПМК-145, мастер, прораб, улук прораб;

1987-1990-ж.ж. – ПМК – 264, башкы инженер;

1990-1995-ж.ж.  – «Чуйпромстрой» трестинин 69-ПМК  жетекчиси;

1995-1997-ж.ж. – «Чуйпромстрой» трестинин башкаруучусу;

1998- 2011-ж.ж. –  «Авангард-Стиль» курулуш компаниясынын башкы директору;

2011-жылдын 24-декабрынан 2015-жылдын 21 апрелине чейин – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри.

2016-жылдын 18-майынан тартып, Кыргыз Республикасынын Президентинин  Кеңешчиси

 «Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини бар.

Басып чыгаруу