Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарлары

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары

КАРЫБАЕВА Мира Аскеровна

1967-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында төрөлгөн.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек жолу:

1989 – 1992        Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин улук лаборанты жана улук окутуучусу 

1992 – 1994        Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кенже илимий кызматкери

1994 – 2003        Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий изилдѳѳлѳр  борборунун илимий катчысы

1996 - 2004        Кыргыз Республикасы боюнча Конрад Аденауэр атындагы фондунун координатору

2000 – 2010        Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын доценти

22.11.2010 - 22.12.2010        Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперттик-талдоо жагынан камсыз кылуу бөлүмүнүн социалдык-экономикалык секторунун эксперти 

20.12.2010 - 7.09.2016        Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы

7.09.2016 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары


 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

ИСАКОВ Сапар Жумакадырович

1977-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарында төрөлгөн.

1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

«Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси» дипломатиялык рангы бар.

Эмгек жолу:

1999 – 2003        Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучу

2003 – 2007        атташе, 3-катчы, 2-катчы, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин бөлүм башчысы

04.2007 - 08.2007    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы

08.2007 - 10.2009        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы

10.2009 - 04.2010         Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматынын жетекчиси

04.05.2010 – 2010        Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы

02.08.2010 – 2010        Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

29.12.2010 - 12.2011    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары рангындагы – тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

2011-жылдын 7-декабрынан тартып    Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы


 

Басып чыгаруу