Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары

ИСАКОВ Сапар Жумакадырович


1977-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарында төрөлгөн.

1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

«Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси» дипломатиялык рангы бар.

Эмгек жолу:

1999 – 2003 Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучу

2003 – 2007 атташе, 3-катчы, 2-катчы, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин бөлүм башчысы

04.2007 - 08.2007 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы

08.2007 - 10.2009 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы

10.2009 - 04.2010 Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматынын жетекчиси

04.05.2010 – 2010 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы

02.08.2010 – 2010 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

29.12.2010 - 12.2011 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары рангындагы – тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

12.2011 -01.2017 - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

2017-жылдын 31-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары 

Басып чыгаруу