Президенттин Аппаратынын Жетекчиси

НИЯЗОВ Фарид Абилезимович



1958-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында туулган.

К.Скрябин  атындагы Кыргыз  айыл чарба институтун аяктаган, адистиги - гидромелиорация, инженер-гидротехник.

Эмгек ишмердигин 1980-жылы К.Скрябин  атындагы Кыргыз  айыл чарба институтунда геодезия жана графика кафедрасынын ассистенти болуп баштаган.

1982-жылдын май айынан 1983-жылдын июнуна чейин курулуш отряддарынын республикалык штабынын коопсуздук техникасы боюнча ага инженери болуп иштеген.

1983-жылдын июнунан  1987-жылдын декабрына чейин – Кыргызстан ЛКЖС БК комсомолдук студенттик отряддар бөлүмү; инструктор, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы, ЛКЖС БК бюро мүчөсү.

1987-жылдын декабрынан 1991-жылдын февралына чейин – Кыргызстан КП Москва райондук комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.

1991-жылдын февралынан 1993-жылдын сентябрына чейин  –   «Комсомольская правда» гезитинин редакциясында кабарчы, Кыргызстан боюнча коммерциялык өкүл.

1993-жылдын сентябрынан 1994-жылдын апрелине чейин  Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинде –  иш башкармалыгынын башчысы, министрдин жардамчысы.

1994-жылдын апрелинен 1995-жылдын январына чейин   –  КР Өкмөтүндө, КР вице-премьер-министринин жардамчысы.

1995-1996-жылдары –  КР Президентинин Администрациясы, Басма сөз кызматынын жетекчиси.

1996-жылдын январынан 1997-жылдын августуна чейин  –  КР Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынында Аппарат жетекчиси.

1997-жылдын августунан  1999-жылдын июнуна чейин  –  «Акыл» ААК  башкармалыгынын төрагасы.

1999-жылдын июнунан 2001-жылдын августуна чейин  –  КР Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысы.

2001-жылдын августунан 2005-жылдын августуна чейин –  «Комсомольская правда-Азия» ЖКЧнын өнүктүрүү долбоорлору боюнча директору.

2006-жылдын февралынан 2006-жылдын июнуна чейин  –  «24.kg»маалыматтык агенттигинин башкы директору.

2005-жылдын августунан 2010-жылдын апрелине чейин –  «Коммерсант» (Россия) гезитинин редакциясынын штаттан тышкаркы кабарчысы.

2010-жылдын 24-апрелинен КР Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратында маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси.

2010-жылдын августунан 2010-жылдын сентябрына чейин – Президенттин Администрациясы, маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси.

2011-жылдын январынан 2011-жылдын декабрына чейин –  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, КР Премьер-министринин кеңешчиси.

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын 7-октябрына чейин –  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында КР Президентинин кеңешчиси.

2015-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси болуп дайындалды

Басып чыгаруу