Өмүр баяны

АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович


Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында 1956-жылдын 17-сентябрында төрөлгөн.

1980-жылы Москва башкаруу институтун инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруучу адистиги боюнча аяктаган.

1999-жылы “Даңк” медалы менен, ал эми 2007-жылы “Данакер” ордени менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.

Эмгек жолу

1980-1981 -  Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлиги, инженер

1981-1983 -  № 4 ЖЭБде башкы инженер

1983-1987 - Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунда ар кандай кызматтарда иштеген

1987-1989 - Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары

1989-1997 - “Форум” илимий-өндүрүштүк фирмасынын директору

1997-1999 - “Кыргызавтомаш” АКнын башкы директору

1999-2004 - “Форум” өнөр жай тобунун директорлор кеңешинин төрагасы

2004-2005 - “Кыргызавтомаш” корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы

2005-2006 - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу, министр

2006-2007 - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

2007-2010 – Активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенген

2010-жылдын апрели-июну - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары

2010-жылдын ноябры-декабры - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын лидери

2010-жылдын 20-декабрынан баштап - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.

2011-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына расмий киришти.

Басып чыгаруу