Кыргыз Республикасынын Президенти
1. Президент мамлекеттин башчысы, Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамы болуп саналат.
2. Президент — элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин символу, Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепили болуп саналат.
3. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт, өлкөнүн ичинде жана эларалык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чара көрөт, мамлекеттик бийликтин биримдигин жана ырааттуулугун, мамлекеттик органдардын макулдашып иштешин жана өзара шайкеш аракеттенишин, алардын эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (үчүнчү главанын, 42- беренеси)










