“2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында, адам укуктарынын негизги принциптерин, абийир жана дин тутуу эркиндигин коргоо, мамлекеттик жөнгө салуу жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү системасын өркүндөтүү, мыйзамдуулукту жана коомдук коопсуздукту андан ары бекемдөө, ошондой эле Кыргызстан калкынын маданиятын, тилин жана руханий баалуулуктарын сактоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгы, өлкөнү өнүктүрүүнүн өзгөчөлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорун эске алуу менен  төмөндөгүдөй токтом кылынды:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши 2014-жылдын
3-ноябрында жактырган 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын тиркелген концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алып, Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын 2015-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын;

2) иш-чаралардын планын ишке ашырууну финансылык камсыз кылуу, аны ишке ашыруу үчүн жооптуу органдарды жана кызмат адамдарын аныктоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобу менен бирдикте жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун башка институттары менен кызматташып, Концепциянын негизги жоболору жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө калкка, диний уюмдарга кеңири маалымат берүүнү камсыз кылсын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Концепциянын тексти >>>.

17-ноябрь, 2014-жыл
Басып чыгаруу