Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Султан Ибраимовго (каза болгондон кийин) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле Мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

2019-жыл 29-август