Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги „Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 45 «Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  киргизилсин:

— жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн  Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

Ш. У. Асымбеков, Т. Д. Абдраимов чыгарылсын;

Кылжыев Самат Аскербекович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси — министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Намазалиев Алтынбек Абдисаламович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү киргизилсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2019-жыл 9-август