Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Орозбек Опумбаев Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Опумбаев Орозбек Найманович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка чечими менен ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

2019-жыл 18-июнь