Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот - адамдар адилеттик издеген акыркы инстанция, судьялар Кудай алдында да, өз абийиринин алдында да таза, акыйкат инсандар болушу керек

«Акылман бабабыз Калыгул олуянын „Адилеттик атка мингизет, ач көздүк көргө киргизет“ деген сөзүн эсиӊиздерге салгым келет. Сот деген — адамдар адилеттик издеген акыркы инстанция, судьялар Кудай алдында да, өз абийринин  алдында да өтө таза, акыйкат инсандар болушу керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда анын төрагалыгында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин жыйналышында.

Президент реформаны аткарууга милдеттүү мамлекеттик органдар бир ыргакта, бир багытта иш алып баруусу зарыл экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы реформанын жүрүшүн такай мониторинг кылып туруу максатында тиешелүү жумушчу топ түзүлөөрүн айтты. Анын курамына кеӊештин мүчөлөрү да кирет.

Президент Сооронбай Жээнбеков берилген сунуштар менен сын-пикирлерди Өкмөт жана Жогорку сот эске алышы керектигин айтып, Өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлорун парламенттин кароосуна киргизүүнү тездетүүгө чакырды.

«Сот системасын өзгөртүү — коомду өзгөртөт, биздин өнүгүүбүзгө кедерги болгон факторлор жоюлат. Ошондо гана өлкөбүз өнүгөт. Сот-укуктук реформасы менин жеке көзөмөлүмдө болот», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

2018-жыл 17-май