Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа комиссиясынын Төрагасы Жан-Клод Юнкерди Европа күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа комиссиясынын Төрагасы Жан-Клод Юнкерге Европа күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду.

«Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин кызматташуусу бекемделип, биз тараптардын кызыкчылыгына жооп берген көптөгөн чөйрөлөрдө тыгыз байланышты тереңдете алганыбызга өзүмдүн канааттанганымды билдирем. 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Европа бирлиги менен мамилелери өз ара пайдалуy өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулуусу менен айырмаланат. Бизди сөз эркиндигин, коопсуздукту, адам укугун, ошондой эле укуктун үстөмдүгүн камсыз кылууну жактагандыгыбыз бириктирип турат.

Учурдан пайдаланып, Юнкер мырза Сизгe чың ден-соолук, бакубаттык жана жогорку кызмат ордундагы ишиңизгe мындан аркы ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

2018-жыл 9-май