Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине,  «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамга) өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алган.

Мыйзамдын максаты – айыл чарба жерлеринде күнөсканаларды жана тамчылатып сугаруу системасын курууга, ошондой эле жерлерди максаттуу пайдаланууга байланышкан жер маселелерин укуктук жөнгө салуу. Мыйзам күнөскана чарбасын өнүктүрүүгө зарыл инфраструктураны түзүүгө жана тамчылатып сугаруу системасын киргизүүгө багытталган. Ушул максатта Мыйзам Жер кодексине жана «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет.

2016-жыл 29-июль