Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондук, Балыкчы шаардык жергиликтүү сотторунун, Нарын жана Ош облустарынын райондор аралык сотторунун, Баткен жана Талас облустук сотторунун судьяларын дайындоо жана жөнөтүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыктарына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондук, Балыкчы шаардык жергиликтүү сотторунун (ар биринде 3 адамдан), Нарын жана Ош облустарынын  райондор аралык сотторунун (ар биринде 1 адамдан), Баткен (2 адам) жана Талас (2 адам) жана Нарын (1 адам) облустук сотторунун судьялары кызматтарына 16 талапкерди дайындоо  боюнча сунуштарды  киргизген.

2016-жылдын 21-июлунда Мамлекет башчысы бул талапкерлердин айрымдары менен  аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн, кошумча алынган материаларды эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макул болду.

Талапкерлер боюнча материалдардын, ар башка мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтардын жана ой-пикирлердин жыйынтыгына карап, мамлекет башчысы 6 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Буга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев 4 Жарлык чыгарды.

Биринчи Жарлык менен дайындалган 10 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган 10 судья судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу (2 адам) жана Жети-Өгүз (1 адам)райондук, Балыкчы шаардык (1 адам) сотторуна, Нарын (1 адам)жана Ош (1 адам) облустарынын  райондор аралык сотторуна, Баткен (2адам) жана Талас (2 адам) облустук сотторуна жиберилди:

- Ак-Суу райондук сотуна: Маматкулов Русланбек Темиркуловичти; Шаршеев Эрмек Муслимовичти;

- Жети-Өгүз райондук сотуна: Чоткараев Тилек Устабаевичти;

- Балыкчы шаардык сотуна: Мамбетова Чинара Сталбековнаны;

- Нарын облустук Райондор аралык сотуна: Эрматов Джапар Асынбековичти;

- Ош облустук Райондор аралык сотуна: Абдыкадырова Зарина Омаровнаны;

- Баткен облустук сотуна: Мусаев Сайдибаказ Темировичти; Пазылов Мамасаит Мамытовичти;

- Талас облустук сотуна: Жумагулова Жылдыз Таалайбековнаны; Султаналиева Айнуру Кенжебековнаны.

Үчүнчү Жарлык менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу (2 адам) жана Жети-Өгүз (2 адам)райондук, Балыкчы шаардык (3 адам) сотторунун иштеп жаткан судьялары кызматынан бошотулду:

- Ак-Суу райондук соту:  Аманов Канат Аманович; Соодонбеков Сабыр Конуратович;

- Жети-Өгүз райондук соту: Ишенбаев Болот Кулашович; Намазбеков Талант Намазбекович;

- Балыкчы шаардык соту: Базарбеков Замирбек Курамаевич; Беккулуева Бактыгул Бакаевна; Шаршекеев Эрмек Муслимович.

Төртүнчү Жарлык менен тандоодон өткөндүгүнө жана башка жергиликтүү сотко дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясы Эрматов Жапар Асынбекович кызматынан бошотулду.

2016-жыл 27-июль