Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын мурдагы Федералдык канцлери Гельмут Кольдун кайтыш болгондугуна байланыштуу Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германиянын мурдагы Федералдык канцлери Гельмут Кольдун кайтыш болгондугуна байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтты.

“Германия Федеративдүү Республикасынын мурдагы Федералдык канцлери, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы Гельмут Кольдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Гельмут Коль  Германиянын Өкмөтүн татаал мезгилде жетектеген. Ал  прогрессивдүү тарыхый инсан  болгон, анын жаркын элеси өз өлкөсүнүн жана бириккен Европанын өнүгүшүнө зор салым кошкон Германиянын белгилүү саясатчыларынын бири катары  жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан   Сизге, жалпы Германия элине, Гельмут Кольдун туугандарына жана жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”,-деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

17-июнь, 2017-жыл
Басып чыгаруу