Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-июлда өлкөнүн  өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы жаан-чачындын көп болгондугуна жана гидрологиялык абалдын өзгөргөндүгүнөн улам пайда болгон тобокелдиктерге байланыштуу калыбына келтирүү жана кырдаалга ылайык чараларды көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат алды.

Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүктөрү калк жашаган аймактарды, ошондой эле инфраструктуралык объектилерди суу каптоосуна жол бербөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү гидрологиялык кырдаалды кылдат мониторинг жасап туруунун, ошондой эле мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана тобокелчиликтерди азайтуу максатында өз убагында чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

2016-жыл 25-июль