Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кувейт Мамлекети менен инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 13-декабрында Эль-Кувейт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2016-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуунун негизги максаты – инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга жана  капиталдык салымдарга байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтууга багытталган чет элдик инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү укуктук базаны түзүү.

Макулдашуунун ратификациялоо  Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү элементи болуп эсептелет жана өлкөбүздүн экономикасына чет элдик түз инвестицияларды тартууну көбөйтүүгө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жыл 22-июль