Кыргызстандын Россиядагы жана Финляндиядагы Элчиси Болот Отунбаев эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Данияда, Норвегияда жана Швециядагы Элчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон  Жарлыкка ылайык,    Кыргыз Республикасынын  Россия Федерациясындагы жана Финляндия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Отунбаев Болот Исакович Москва  шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Дания Королдугундагы, Норвегия Королдугундагы,  Швеция Королдугундагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

 

16-июнь, 2017-жыл
Басып чыгаруу