Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Соода-өнөр-жай палатасынын вице-президенти Ми Эньхуаны кабыл алды

Бүгүн, 14-майда Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарынын алкагында  Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Соода-өнөр-жай палатасынын вице-президенти, Үрүмчү шаарынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары,  Үрүмчү шаарынын «Хуалин групп ЛТД» соода-өнөр жай компаниясынын президенти Ми Эньхуаны кабыл алды.

Жолугушууда социалдык чөйрөдөгү конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын туризм тармагына түз инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды.

 

14-май, 2017-жыл
Басып чыгаруу