Президент Алмазбек Атамбаев Мугла провинциясындагы автокырсыкка байланыштуу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаев Мугла провинциясындагы көптөгөн адамдардын курман болушуна себеп болгон автокырсыкка байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.

«Бул кырсыкта туугандарын жана жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, ал эми бардык жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

 

13-май, 2017-жыл
Басып чыгаруу