Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн жана Чон-Алай райондорунун табият кырсыгынан жабыр тартышкан айыл тургундарына материалдык жардам бөлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевбүгүн, 13-майда, Ош облусунун Өзгөн жана Чон-Алай райондорунун табият кырсыгынан жабыр тартышкан айыл тургундарына материалдык жардам бөлдү.

Мамлекет башчысы кол койгон буйрукка ылайык, Жалпакташ айыл округуна караштуу Курбу-Таш жана Маркс айылдарына 1 млн сом, Зергер айыл округундагы Аюу айылына – 1 млн сом бөлүндү.

Андан тышкары, Президент А. Атамбаев Чоң-Алай районунун зилзаладан жабыр тарткан айылдарына 3 млн сом бөлдү.

13-май, 2017-жыл
Басып чыгаруу