Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Кытайга учуп келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-майда жумушчу сапар менен Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарына учуп келди.

Жумушчу сапардын алкагында Мамлекет башчысы “Бир алкак – бир жол” эл аралык Форумунун ишине катышат.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.

 

13-май, 2017-жыл
Басып чыгаруу