Президенттик Аппараттын Жетекчиси Сапар Исаков алдыңкы эксперт-урбанисттер менен жолугушту

Кечээ, 2017-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси  Сапар Исаков алдыңкы эксперт-урбанисттер менен жолугушту.  Алардын арасында Москва шаарынын Өкмөтүнө караштуу  Smart City Lab жетекчиси Эльдар Тузмухаметов, Москвадагы IBM кардарлар борборунун «акылдуу шаарлар» үчүн чечимдердин системдүү архитектору  Виктор Игнатов бар.

Жолугушууда Сапар Исаков кыргызстандыктардын ыңгайлуу турмушунун жана коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, ишкерликти жүргүзүү жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган «Таза коом» улуттук жогорку технологиялык долбоору тууралуу кыскача айтып берди.

«Мунайы да, газы да жок Кыргызстан сыяктуу өлкө үчүн дал ушул «Таза коом» долбоору өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү болуп, өлкөнү алга сүрөп чыгышы керек экенин биз түшүнөбүз», - деп белгиледи Сапар Исаков. Ал аталган долбоор 2040-жылга чейинки мезгилде Кыргызстанды узак мөөнөтүү өнүктүрүү стратегиясынын өзөгү болуп каларын кошумчалады.

«Таза коом» долбоору тууралуу айтуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси  Сапар Исаков башынан тартып эле долбоорду ишке ашырууга комплекстүү мамиле жасап, адамдар үчүн айрыкча маанилүү болуп эсептелген коомдук транспорт, унаа токтотуучу жайлар, жарыктандыруу, таштандыларды чыгаруу ж.б. чөйрөлөрдү камтуу каралып жатканын баса белгиледи.

Эльдар Тузмухаметов Москванын шаардык объектилерин башкаруу чөйрөсүндө инновациялык технологияларды киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Тагыраак айтканда, «акылдуу шаар» турмуш-тиричилик проблемаларды чечүүгө, мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга эле жардам бербестен, ар кандай табият кырсыктарынын кесепеттерин мурдагыдан натыйжалуу четтетүүгө, андай кырсыктардын алдын алууга  өбөлгө болору белгиленди.

Виктор Игнатов өз кезегинде «акылдуу шаар» долбоорун жүзөгө ашырууга IBM технологияларын пайдалануу менен комплекстүү мамиле  жасоо жөнүндө айтып берди.

Чакырылган коноктор «Таза коом» долбоорун турмушка ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

                       

12-май, 2017-жыл
Басып чыгаруу