Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисининин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-мартта Улукбек Асамидинович Мариповду башка кызматка которулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисининин биринчи орун басары кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

2016-жылдын 17-мартында Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланган.

2016-жыл 18-март