Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кытай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Өткөн жылы кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүдө бир кыйла жетишкендиктер болду. 2016-жылы биздин мамлекеттерибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн өлкөлөрүбүз ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн Сиз менен бирге аракеттенүүгө даярмын», - деп айтылат Кыйтай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпиндин телеграммасында.

Кыйтай Эл Республикасынын Председатели Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевге  чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

2016-жыл 18-март