Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга материалдык жардам берди
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга жалпы суммасы 1 320 000 сом (бир миллион үч жүз жыйырма миң) материалдык жардам берди. Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, курман болгондордун үй-бүлө өкүлдөрүнө жана жабыр тарткандардын ар бирине - бардыгы 33 адамга 40 миң сомдон бөлүндү.
17-март, 2017-жыл