Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМКдин төрагасы Бусурманкул Табалдиев менен ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-октябрда, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев менен ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  50-Тергөө камак жайынан качып чыккан кылмышкерлерди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыктары, анын жүрүшүндө  издөө салынган бардык кылмышкерлер кармалгандыгы жана жок кылынгандыгы тууралуу маалымат берилди.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2015-жылдын 22-октябрында борборубуздагы “Достук” кичирайонунда качкындардын бирин кармоо боюнча  өткөрүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө кылмышкер автомат менен куралдуу каршылык көрсөткөн. “Барс” ыкчам  аракеттенүү боюнча атайын отряддын (СОБР) кызматкери, милициянын капитаны Төлөбек Исмаилов, коңшу квартирада жашаган эки жаран каза тапкан.

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди кармоо боюнча өткөрүлгөн  атайын операциянын жүрүшүндө  каза болгон атайын отряддын жоокеринин, эки жарандын үй-бүлөсүнө жана жакындарына  көңүл айтты, аларга керектүү материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди.

Мамлекет башчысы террористтик коркунучтун өсүшүнө байланыштуу  региондо жана дүйнөдө түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен өлкөбүздүн  күч түзүмдөрү  ар кандай коркунучтарга жооп берүүгө даяр болууга милдеттүү экендигин белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча  күч органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча иш жүргүзүп,  атайын операция өткөрүүдө тынч жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүү зарыл. 

2015-жыл 23-октябрь