Президент Алмазбек Атамбаев Сехван-Шариф шаарындагы көп курмандыктарга алып келген терактыга байланыштуу Пакистан Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сехван-Шариф шаарындагы көп адамдардын курман болушуна алып келген терактыга байланыштуу Пакистан Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты.

«Сехван-Шариф шаарындагы көп адамдардын курман болушуна алып келген теракты жөнүндө суук кабарды  терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан эли Пакистан элинин аза кайгысын тең бөлүшөт жана кандай гана көрүнүштөгү болбосун терроризмди чечкиндүү айыптайт.

Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду, ал эми жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин кааларымды билдирип коюуну өтүнөм», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

17-февраль, 2017-жыл
Басып чыгаруу