Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

 “Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Бул күнү биз жардамга, мээримге муктаж  адамдарга күн сайын кам көрүп, адамгерчиликти, боорукерликти туу тутуп эмгектенген адамдарга сый-урмат көрсөтөбүз. Сиздердин жылуу мамилеңерге, кайрымдуу эмгегиңиздерге көп балалуу жана тартыш турмушта жашаган  үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаңдар, майыптар, жетим балдар абдан муктаж.

Сиздер аларга тирек болуп, турмуш кыйынчылыктарын жеңүүгө, эртеңки күнгө ишеним жаратууга дем бересиздер. Алардын турмуш-тиричилигинин жакшыруусу, мамлекетке, социалдык адилеттүүлүккө болгон ишеними, коомдогу туруктуулук көбүнесе  сиздердин аткарган ишиңиздерге жараша болот. Өз кезегинде мамлекетибиз да социалдык кызматкерлер жөнүндө кам көрүп, алардын кадыр-баркын көтөрөт.

Өлкөбүздүн профсоюздары кезинде бир катар жакшы саамалыктарды жараткан, биз аларды мындан ары улантууга тийишпиз. Кыргызстандын профсоюздары мамлекет менен социалдык өнөктөштүктү бекемдеп, өнүктүрүп, айрым топтордун гана эмес, өлкөбүздөгү жалпы эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын мындан ары дагы коргой берет деп ишенем.

Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздер – Кыргызстанды өнүктүрүүгө умтулган жаратман күчсүздөр. Биз социалдык мамлекет куруу багытынан тайбайбыз. Социалдык колдоого муктаж бардык жарандарыбызга кам көрөбүз. Себеби, биздин эң башкы милдет – Адамга камкордук көрүүнү негизги милдет деп эсептеген  күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруу.

Баардыгыңыздарга  чың ден-соолук, узак өмүр жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                Алмазбек Атамбаев”.

2015-жыл 19-октябрь