Президент Алмазбек Атамбаев Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-февралда Бельгия Королдугуна жумушчу визитинин жүрүшүндө Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолукту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери, ошондой эле кеӊири маселелер боюнча өз ара аракеттенүүлөр перспективалары талкууланды.

16-февраль, 2017-жыл
Басып чыгаруу