Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңеши өз ишин аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу

Бүгүн, 2015-жылдын 15-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы  Жогорку Кеңеши  өз ишин аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жолдоду.  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Фарид Ниязов Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, Мамлекет башчысынын кайрылуусун окуп берди.  

Кайрылуунун тексти:

“Урматтуу V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары!

Урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары! 

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы  Жогорку Кеңеши өз  ишин жыйынтыктап жатат.

Бул парламент эгемендүү Кыргызстандын өнүгүү жолунда тарыхый милдет өтөдү.

Өз ишин жыйынтыктап жаткан Жогорку Кеңеш  мамлекетибиздин тарыхындагы өтө оор мезгилде түзүлгөн. 2010-жылдын Апрель революциясынан жана июнь окуяларынан  кийинки абдан татаал  коомдук-саясый кырдаалды турукташтыруу, үй-бүлөлүк-кландык жана авторитардык башкаруунун кесепеттерин жоюу, дегеле мамлекетти сактап калуу милдети турган эле.

Кыргызстан элинин сабырдуулугуна, кайраттуулугуна терең таазим! Мамлекетибиз  акыркы беш жылдын  аралыгында оор сыноолордон өтүп, абдан өзгөрдү. Ызы-чуулар, митингдер, баш-аламандыктар өкүм сүргөн өлкөдөн туруктуу, өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетке айланды. Өлкөбүздү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыктык. ”Датка-Кемин” электр линиясынын курулушун аяктап, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылдык. Ырааттуулук менен мамлекеттүүлүктү бекемдеп жатабыз. Армияда реформа жүрүп, чек аралар бекемделип, жаңы гидроэлектростанциялар курулуп жатат.  Жаңы жолдорду салып, эскилерин оңдоп, туризмдин инфраструктурасын түзүп, айыл чарбасын өнүктүрүүгө кириштик.

Эл аралык уюмдар Кыргызстанды кедей өлкө катары эсептебей калды. Эл аралык интеграциялык процесстерге активдүү аралашып, Евразиялык экономикалык бирликке  тең укуктуу мүчө болуп кошулдук.

Борбордук Азия регионунда  биринчи болуп, Кыргызстан тарыхында биринчи жолу   жаңы технологиянын  негизинде таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө жетишти.

Мына ушунун бардыгы биринчи кезекте жалпы Кыргызстан элинин аркасы менен ишке ашырылды. Парламенттин колдоосу жок  мындай жылыштарга жетишүү мүмкүн эмес эле. Келечекке жол ачкан, маанилүү чечимдерди кабыл алууда Жогорку Кеңеш колдоо көрсөтүп турду. 

Албетте,  Жогорку Кеңеште көптөгөн талаш-тартыштар болду. Кээде шашылыш, бышыкталбаган, негизделбеген чечимдер кабыл алынды. Бирок жалпысынан  парламент өзүнүн тарыхый миссиясын аткарды. Жогорку Кеңеште  өлкөнү өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү миңден ашуун мыйзам кабыл алынды. Парламентте мамлекетибиз  үчүн өтө маанилүү көптөгөн чечимдер кабыл алынган. 

V чакырылыштагы  Жогорку Кеңеш эми тарых энчисине өтөт. Анын ишмердигине адистер, эксперттер өз баасын беришет. Бирок Жогорку Кеңештин ишине берилген эң жогорку баа – элдин баасы. Калкыбыз – калыс, калкыбыз – тараза. Кыргызстан эли улуттук кызыкчылыктарды туу туткан, карапайым элдин мыйзамдуу  укуктарын коргогон жана мыйзамды урматтаган  депутаттарды ар дайым кадырлайт жана сыйлайт. Эл үчүн кылган кызматын эч качан унутпайт.

Баардыгыңыздарга  чың ден-соолук, узун өмүр жана мындан аркы ишиңиздерге  ийгилик каалайм!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                Алмазбек Атамбаев”

2015-жыл 15-октябрь