Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жер кодексине жана «Айыл-чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам менен Жер кодексине жана «Айыл-чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык жер участогун өндүрүп алуу боюнча кайрылуу болгондо чет өлкөлүк банктар менен каржылык-кредиттик адистешкен мекемелердин менчигине берилген айыл-чарба багытындагы жерлерге болгон менчик укугунун мөөнөтү кыскарат жана Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан ижарага алуу мөөнөтү өзгөрөт. 

Мыйзам менен айыл-чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун 5 жыл бою пайдаланбаган учурда, ал жер кайра алынат, ал эми убактылуу пайдалануудагы калктуу конуштардын жерлери ошол жерлердин максаттуу багытына ылайык пайдалануу үчүн гана субижарага  берилет деп аныкталат. Ошондой эле  жер участогунун ижарага берүү мөөнөтүн узартуу тартиби да регламенттелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 3-август