Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын Президенти Симонетта Соммаруганы Швейцария Конфедерациясынын күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Швейцариянын Президенти Симонетта Соммаруганы Швейцария Конфедерациясынын күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында - “Ушул жылдын март айында Сиз менен Берн шаарындагы жолугушууну жылуу эскерип, конструктивдүү жана жемиштүү өткөн сүйлөшүүлөргө канааттандыруу билдиремин. Эки тараптуу өз ара аракет мындан ары да биздин мамлекеттердин кызыкчылыгында өнүгө берерине ишенем”,  - деп белгиленет.

Президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын Президенти Симонетта Соммаругага бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик, ал эми достук мамиледеги Швейцария элине  - тынчтык жана бейпилдик каалады.

2015-жыл 31-июль