Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамга толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамда чакан электроэнергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды, 110 кВ. дан  500 кВ. га чейинки жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, 110 кВ. дан 500 кВ.га чейинки көмөк чордондорду, газ түтүктөрүн жана алардын курулмаларын куруу үчүн сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) мораторий жайылбайт деп каралган.

 Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 31-июль